Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. «Качан болгон», «кайсы мезгилдеги» деген мааниде. Качанкы иш экенин билиш керек. Бул качанкы окуя эле? 2. Көптөн берки, небактагы, мындан көп убакыт мурдагы. Качанкыны айтып отурасың, ыя? (Сыдыкбеков). Качанкы чечилбеген сырды угууга калайык жабылып кулак түрдү (Бөкөнбаев). Капка ташка токтоду, Капа болуп ошондо, Качанкы дартын козгоду («Эр Төштүк»).